02.11.2018 09:30

Самара Каримова музыкалык окуу жайдын жетекчиси болбойт

Самара Каримова музыкалык окуу жайдын  жетекчиси болбойт

Ырчы Самара Каримова Ош шаарындагы Ниязалы Борошев атындагы Ош мамлекеттик музыкалык окуу жайынын жетекчиси кызматына мыйзамсыз дайындалган. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жамангулов журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, бул буйрукту ага чейин министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалган Бактыбек Секимов чыгарган. Бирок анда мыйзам бузуулар болгон.

Жаңыдан дайындалган министр Каримованын кайра өз ордуна дайындалбашы мүмкүн экенин кошумчалады.

«Ал жерге кесипкөй адамдарды карап көрүшүбүз керек. Башында эле бул маселеге каршы болчумун. Анткени бизде атайын квалификациялык талаптар жок экен, талаптар болуш керек» - деди Жамангулов.

Самара Каримованы музыкалык окуу жайга жетекчи кылып дайындоо боюнча буйрук 24-октябрда чыгып, ал эмгек жамаат менен расмий түрдө тааныштырылган болчу.