17.07.2018 09:55

Санкт-Петербург-Бишкек каттамындагы учак техникалык себептерден улам Ошко конду

Санкт-Петербург-Бишкек каттамындагы учак техникалык себептерден улам Ошко конду

Санкт-Петербургдан Бишкекти көздөй келаткан самолет Ошко конууга аргасыз болду. Бул туурасында Фейсбуктагы баракчасында Максим аттуу колдонуучу жазып чыкты. 

Самолеттун башка шаардын аэродромуна конуусунун себебин «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат кызматы April.kg порталына түшүндүрдү.  «Учактын Ош шаарына конушу чукул чара болгон жок. Бишкектеги аэропорт техникалык себептерге байланыштуу 6:00дөн 8:00гө чейин жабык болду. Ошол себептен, Санкт-Петербург-Бишкек каттамы менен учуп келе жаткан самолет Ошко конду. Бул бүгүнкү күнү техникалык себептерден улам, Ошко конгон  жападан-жалгыз рейс. Бардык жүргүнчүлөр Бишкекке жеткирилди. Учактын өзү жакынкы мүнөттөрдө Бишкек аэродромуна конот», - деп билдирди «Манас» эл аралык аэропортунун маалымат катчысы Алия Курбанова.