Санкт-Петербургдагы Таврия сарайында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн сүрөт көргөзмөсү ачылды
Санкт-Петербург шаарында кыргыз сүрөтчүлөрүнүн көргөзмөсү ачылды. Таврия сарайында уюштурулган көргөзмөгө кыргыз сүрөтчү-скульпторлордун эмгектери коюлган. Белгилей кетсек, быйылкы жыл КМШда Маданият жылы деп жарыяланган.
Иш-чарага учурда Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык ассамблея (ПАА) Кеӊешинин жыйынына катышып жаткан кыргыз парламентарийлери дагы барышты.
«Кыргызстандын жылуу шамалы» аталышындагы бул көргөзмөдө Санкт-Петербург шаарында жашаган кыргызстандык мекендештерибиз Тамила Маматова менен Таалайбек Мусурманкуловдун эмгектери коюлган.
Сүрөтчү Таалайбек Мусурманкуловдун айтымында, кыргыз элинин кооз жаратылышын чагылдырган картиналарга Россияда суроо-талап жогору.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: