13.04.2018 13:41

Сапар Исаков Беловодское айылындагы мектептин авариялык имаратынын абалы менен таанышты

Сапар Исаков Беловодское айылындагы мектептин авариялык имаратынын абалы менен таанышты

Сапар Исаков, бүгүн, 13-апрелде, Чүй облусунун Москва районундагы Беловодское айылындагы авариялык абалдагы Биринчи Май орто мектебинин имараты менен таанышты.  

Аталган мектеп 1930-жылы курулган, бүгүнкү күндө анда 1350 ашуун окуучу билим алат. 2012-жылы техникалык иликтөө өткөрүлүп, натыйжада, мектеп авариялык абалда деп таанылган.

Ал эми 2018-жылдын 8-апрелинде нөшөрлөгөн жаандан соң, окуу класстарынын биринин шыбы кулап түшкөн. Окуу жайдын имаратын иликтеп чыккан жумушчу топ мектеп имаратын пайдаланууну токтотуу тууралуу чечим кабыл алган.

Учурда окуучулар билимин улантуусу үчүн мектептин техникалык жактан коопсуз корпустарына көчүрүлгөн.

Премьер-министр Сапар Исаков белгилегендей, аталган имаратта окуу иштерин алып барууда окуучулардын жана мугалимдердин өмүрүнө коопсуздук туулат. Өкмөт башчы балдардын сапаттуу билим алуусу үчүн тийиштүү шарттарды түзүү зарылдыгын баса белгиледи.

Андан соң Сапар Исаков Биринчи Май орто мектебинин жаңы имараты курулчу жерди көрүп чыкты, курулуш иштери финансылык каражаттардын жоктугуна байланыштуу токтоп калган.

 «Тийиштүү мамлекеттик органдар мектептин жаңы корпусунун курулушун сапаттуу жана заманбап курулуш табылгаларын пайдалануу аркылуу жыйынтыкташы зарыл», - деп белгиледи Премьер-министр.

Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 750 окуучулук орунга эсептелген мектептин курулушун толугу менен жыйынтыктоо үчүн каржылоо булактарын аныктоону тапшырды.

Мындан тышкары, жаңы мектептин имаратын келерки окуу жылына карата пайдаланууга берүү тапшырмасы берилди, анда спорттук блок, жыйындар залы жана ашкана каралмакчы.