26.03.2018 09:30

Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү өкүлү Болормаа Амгаабазар менен жолугушту

Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын өлкөдөгү өкүлү Болормаа Амгаабазар менен жолугушту

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасындагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар менен жолугушту.

Премьер-министр Дүйнөлүк банкка Өкмөттүн «Таза Коом» санариптик трансформациялоо долбоорун ишке ашыруу демилгесин колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди.

«Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун каржылоо биздин өлкө үчүн интернетке карай жеткиликтүүлүктү жана заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калкка сапаттуу мамлекеттик тейлөө көрсөтүүнү жакшыртуу  боюнча жаңы мүмкүндүктөрдү ачат», - деди Премьер-министр Сапар Исаков.

Өз кезегинде Болормаа Амгаабазар эл аралык финансы институтунун директорлор кеңеши тарабынан «Digital CASA — Кыргыз Республикасы» долбоорун ишке ашырууга 50 млн АКШ долларын бөлүү чечими жактырылгандыгын эскертти.

«Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жакын арада ички мамлекеттик процедураларды жүргүзүү үчүн долбоордук келишим боюнча тийиштүү документтердин пакетин алып кирет», - деди Болормаа Амгаабазар.

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу иш-аракеттери талкууланды.