27.03.2018 15:33

Кара-Кулжа районундагы 1-май айылына ичүүчү сууну берүү калыбына келтирилет

  Табигый кырсыктар (1 материал)
Кара-Кулжа районундагы 1-май айылына ичүүчү сууну берүү  калыбына келтирилет

Премьер-министр Сапар Исаков ыкчам түрдө Кара-Кулжа районундагы 1-май айылына ичүүчү суунун берилишин калыбына келтирүү тапшырмасын берди.  Бул туурасында Өкмөт  Аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн маалымдашты. 

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков бүгүн, 27-мартта, Ош облусундагы Кара-Кулжа районунун, Кара-Кулжа айыл аймагында болгон жер көчкүнүн кесепеттерин жоюу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Давлетбек Алимбековдун айтымында,  2018-жылдын 26-мартында саат 11:30 чамасында Кара-Кулжа районунун 1-май айылында 25-30 кубометрдик жер көчкү түшүп, жергиликтүү тургундарды ичүүчү суу менен камсыз кылган түтүк өткөрүүчү системасын зыянга учураткан.

Азыркы тапта жеринде Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин күчү менен биргеликте жаратылыш кырсыгынын натыйжаларын жоюу боюнча иштер жүрүп жатат.

Андан тышкары министрдин орун басарынын айтымында түшкөн жер көчкү үч электр өткөрүүчү мамычага жана айылдын ички жолдоруна коркунуч жаратууда.

Ал аны менен катар жакын жайгашкан айылдардын тургундары үчүн азыр кандайдыр бир коркунучтар жок деп белгиледи.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Ичүүчү суу менен камсыз кылууну жана суу берүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев жергиликтүү тургундарга ичүүчү суунун берилишин толук калыбына келтирүү үчүн 500 метр түтүк  өткөрүү системасын алмаштыруу керектелерин маалымдады.

Өкмөт башчы тийиштүү эсептерди чыгаруу жана ыкчам түрдө суу менен камсыз кылуу системасын калыбына келтирүү боюнча иштерди баштоо тапшырмасын берди.

Андан тышкары жеринде өзгөчө кырдаалдын натыйжаларын ыкчам түрдө жоюу үчүн ар кандай кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн так камсыз кылуу тапшырмасын берди.