Сапар Исаков Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотууну сунуштады
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаков Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду кызматтан бошотуу жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөсү катары отставкасы туурасында сунуштоосун жиберди.
Эске салсак, буга чейин Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сапар Исаковдун тапшырмасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Нурханбек Момуналиевдин буйругу менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановго карата кызматтык иликтөө жүргүзүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Премьер-министр Сапар Исаковго көрсөтүлгөн комиссия ишинин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы Нурбек Абаскановду ээлеген кызматынан бошотуу тууралуу чечим кабыл алынган.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: