13.04.2018 16:06

Сапар Исаков: Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды

Сапар Исаков: Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды

Өкмөттүн калк алдындагы башкы милдети алардын жашоо турмушун жакшыртуу болуп саналат. Өткөн жылы өлкө экономикасынын баардык тармагында макроэкономикалык өсүштөр байкалып, жалпысынан 135 млрд сом көлөмүндө киреше алынды. Ошентип, макроэкономикалык өсүш 4,6 пайызды түздү Бул тууралуу Премьер-министр Сапар Исаков Жогорку Кеӊештин «Кыргызстан» фракциясында Өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчету угулуп жатканда билдирди.

Премьер-министрдин айтымында, 2017-жылы эмгек акынын орточо өлчөмү 6,7 пайызга өсүп, 15,4 миӊ сомду түздү. «Тышкы соода жүгүртүү 12,5 пайызга өстү. Ал эми экспорттун көлөмү Евразия экономикалык бирлигинин курамындагы өлкөлөргө 27 пайызга, башка өлкөлөргө 8,6 пайызга көбөйдү», - деп кошумчалады Сапар Исаков.

Андан тышкары, Кыргызстандын дүйнөлүк рейтигде ээлеген орду да жакшырды. Мисалы, мурда өлкө  экономикалык эркиндиги боюнча рейтингде 89-орунда болсо, азыр 78-орунга которулган. «Республикалык бюджеттин киреше бөлүгүнүн 59 пайызы социалдык багытта жумшалды. Ошондой эле, Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан 2,7 млрд сом көлөмүндө 2440 жеӊилдетилген насыя берилди», - деди Премьер-министр.

Эскерте кетсек, бүгүн өкмөт башчы «Кыргызстан» фракциясында өкмөттүн 2017-жылдагы иши жөнүндө отчет берип жатат. Буга чейин КСДП фракциясы Сапар Исаковдун отчетун канааттандыраарлык деп  тапкан. Ал эми, эки фракция   вице-премьер-министрдин отчетун жаратпай, Сапар Исаковдун келишин талап кылышкан.