28.03.2018 17:50

Сапар Исаков соода борборлорундагы өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгууну тапшырды

Сапар Исаков соода борборлорундагы өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгууну тапшырды

Бүгүн өкмөт башчы Сапар Исаков  2018-жылдын жазгы талаачылык иштеринин жүрүшү боюнча өткөн селектордук жыйында өлкөдөгү  өрт коопсуздугу маселесин козгоду. 

Алгач Премьер-министр Кемеров облусундагы кырсыкка байланыштуу Россия элине дагы бир ирет көңүл айтты. Андан соң Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекцияга соода борборлорундагы, коомдук жана эл жыш топтолгон жерлердеги өрт коопсуздугунун сакталышын текшерип чыгууну тапшырды.

 ӨКМге өрт коопсуздугу боюнча окууларды жүргүзүп, калк арасында түшүндүрүү иш чараларын күчтөндүрүү тапшырмасы берилди.