09.07.2019 16:29

Сапар Исаков: Тарых музейи боюнча иште саясий боек бар. Анын артында Сооронбай Жээнбеков турат 

Сапар Исаков: Тарых музейи боюнча иште саясий боек бар. Анын артында Сооронбай Жээнбеков турат 

Бүгүн, 9-июлда Биринчи Май райондук сотунда Тарых музейи жана Чолпон-Атадагы ат майдан боюнча соттук процесс уланууда. 

Соттук отурумда прокурорлор айыптоочу корутундуну окуп беришти. Андан кийин сот соттолуучулар: экс-премьер-министр Сапар Исаков менен президент аппаратынын жарандык өнүгүү, диний жана этникалык саясат бөлүмүнүн мурдагы башчысы Мира Карыбаевадан тагылган айыптар менен макулдугун  сурады.

Сапар Исаков прокурорлордун эмнени окуганын түшүнбөгөнүн билдирди. «Мен муну саясий өңүттөгү иш деп айтат элем жана анын артында Сооронбай Жээнбеков турат. Эмне үчүн музейди ачпай жатышат? Ал -өлкөнүн сыймыгы. Бизде мындай объектилер жок. Музейдин ичинде кафетерий болбош керек деп жатышат кээ бирлери, силер ал депутаттарды укпагыла, дүйнөлүк музейлерди карап көргүлө. Музей - абдан заманбап. Баарына Исаков менен Карыбаева жооп берсин деп түртө салуу туура эмес. Мындай кылбаш керек жана өлкөнү жок болууга алып барбаш керек», - деди Исаков. 

Эки айыпталуучу тең коюлуп жаткан күнөөлөр менен макул болгон жок.