12.04.2018 11:00

Сапар Исаков Тогуз-Торонун акимин кызматтан алды

Тилек Идирисов Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы кызматынан бошотулду. Бул туурасында өкмөт аппаратынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу боюнча бөлүмүнөн билдиришти.

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун мамлекеттик администрация башчысы- Идирисов Тилек Казыбековичди ээлеген  кызматынан бошотуу тууралуу буйрукка премьер-министр Сапар Исаков кол койгон.