05.04.2018 12:14

Сапар Исаков япон фонду менен саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Сапар Исаков  япон фонду менен саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыкты талкуулады

Премьер-министр Сапар Исаков «Токуда» япон фонду менен саламаттыкты сактоо жаатындагы кызматташтыктын келечегин талкуулады.  Премьер-министр Сапар Исаков «Токуда» коомдук фондунун (Япония) директорлор кеңешинин төрагасы Мари Токуданы кабыл алды.

Жолугушууга Япониянын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Есихиро Ямамура катышты. Тараптар саламаттыкты сактоо жаатындагы биргелешкен кызматташтыктын келечегин талкуулашты.

Өкмөт башчы «Токуда» фондуна Нарын облустук ооруканага гемодиализ аппаратын тартуулагандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди. Анын айтымында бул өлкөнүн жарандары үчүн абдан маанилүү жардам.

Премьер-министр Өкмөт тарабынан мындан ары дагы бөйрөк дарттарын алдын алуу боюнча жана жарандарды сапаттуу медициналык кызматтар менен камсыз кылууга өзгөчө маани берилерин баса белгиледи. «Токуда» коомдук фондунун директорлор кеңешинин төрагасы  жолугушуу үчүн Өкмөт башчыга ыраазычылыгын билдирип, жана белгиленген маселелер боюнча кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендигин тастыктады.

Премьер-министр Мари Токудага саламаттыкты сактоо жаатындагы өз учурундагы жардамы, ошондой эле Кыргызстан менен Япония ортосундагы достук жана кызматташтыкты бекемдетүүгө кошкон салымы үчүн анын атасы – «Токушюкай медикал корпорейшн» медициналык мекеме топторунун башкармалыгынын төрагасы Торао Токуданы жана Кыргызстандын Япониядагы ардактуу консулу Масахару Мидзусакону Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ардак грамотасы менен сыйлоо чечими кабыл алынгандыгы тууралуу маалымдады.