14.05.2018 10:39

Сапар Исаков УКМКда сурак берип жатат

Сапар Исаков УКМКда сурак берип жатат

Сапар Исаков УКМКга сурак берүү үчүн келди. Бул туурасында April.kg порталынын кабарчысы билдирди.

Айтымында, мурунку өкмөт башчы буга чейин тараткан  билдирүүсүндө бардык жооптуу адамдардын фамилияларын атаган.

"Өзүмдүн тараткан билдирүүмдө жаңы ЖЭБтеги модернизация боюнча ким жооптуу болсо, баарынын фамилияларын атагам. Бул жерде элди адаштырып атышат. Жаңы ЖЭБде авария болгон жок, ал иштеп жатат. Авария эски ЖЭБде болду. Акча максаттуу колдонулганын билүү үчүн эл аралык институттарды, же ошондой фирмаларды чакырып, эл аралык аудит өткөрүш керек. Кычкачка жабыша бергенде болбойт. Баарына эл тараза, болуп аткан нерсени таразалап туруп, өздөрү айтат", -деди Сапар Исаков.  

"Бир нерсени айтып койгум келет: Алмазбек Шаршенович менен анын командасы таза иштеген. Анын маалында коррупция болгон эмес. Азыр болуп жаткан нерселерди саясий куугунтук деп баалайт элем. Алмазбек Атамбаевдин убагында коррупция болгон жок. Анын командасында азыркы президент Сооронбай Жээнбеков  да болгон, ал билет. Коррупция менен күрөштү Атамбаев баштаган. Алмазбек Шаршенович таза иштеди. Менин оюмча, тергөө иштери саясаттан тыш жүрүшү керек. Депутаттар өз иштери менен алектенсин, тергөөчүлөр тергесин", -деп кошумчалады Исаков.

Кабарчылардын суроосуна, Сапар Исаков бул ирет  кайсы  маселе боюнча чакыртылганын билбей турганын айтты.

Эскерте кетсек, мурунку өкмөт башчы 26-апрелде Коопсуздук кызматында болуп, Бишкек ЖЭБдеги модернизация боюнча күбө катары сурак берген болчу.