16.10.2018 18:00

Сапар Исаковдун кайнатасынын үйүн баалоого макулдук берген райсоттун чечими күчүндө калды

Сапар Исаковдун кайнатасынын үйүн баалоого макулдук берген райсоттун чечими күчүндө калды

Бишкек шаардык соту бүгүн, 16-октябрда Сапар Исаковдун кайындарынын үйүн баалоого УКМКга макулдук берүү тууралуу Биринчи Май райондук соттун чечимин күчүндө калтырды.

Эскерте кетсек, буга чейин жактоочу Нурбек Токтакунов «УКМК Сапар Исаковдун  кайын-журтунун үй-мүлкүн текшерип, мамлекеттин эсебине алып коймой болушту», -деп жазып чыккан. 

Ал ошондой эле, УКМК кызматкерлери текшерип, баасын коюп, конфискация кылабыз деп жаткан үйлөр Сапар Исаковдун кайын-журтунун өз мээнети, маңдай тери менен жеткен үйлөрү экенин билдирген.

«Муну тастыктаган бардык документтер бар. Белгилей кетсек, Сапар Исаковдун кайнатасы иштерман адам, кызы Сапарга жолуга электе эле Казакстанда азык-түлүктү дүңүнөн сатып иштеп, бутуна турган. Бирок, сот УКМК кызматкерлеринин «турак жайлар Сапар Исаков тарабынан сатылып алынган» деген эч далили жок жоромолдоруна канааттанып, үйүн баалоого уруксаат бериптир», -деп билдирген Нурбек Токтакунов.