14.05.2018 13:40

Сапар Исаковдун сурагы түштөн кийин кайра уланат

Сапар Исаковдун сурагы түштөн кийин кайра уланат

Сапар Исаков бул жолу Улуттук коопсуздук комитетинде 3 сааттан ашыгыраак убакыт кармалды. Мурунку өкмөт башчы бүгүн 10:00дөн бир аз өтүп, суракка кирген болчу. Бул туурасында April.kg порталына өз кабарчысы билдирди. 

Исаков кабарчыларга саат 14:30га кайра УКМКга келе турганын билдирди. Ал эми, сурак тууралуу кенен айтып берүүдөн карманды.

"Тергөө так өттү, бир-эки учурду  тактап жатышат. Баары акыйкат чечим чыгарыш керек. Саат 14:30 кайра суракка келишим керек экен", - деди Сапар Исаков.