02.05.2019 15:53

Сапар Исаковдун жубайы: Матраимовду Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси кылып дайындоо гана калды

Сапар Исаковдун жубайы: Матраимовду Коррупцияга каршы күрөш кызматынын жетекчиси кылып дайындоо гана калды

«Райым Матраимовдун спикер Дастан Жумабеков баш болгон Жогорку Кеңештин депутаттарынын жарымынын жана биринчи вице-премьер Бороновдун курчоосунда түшкөн сүрөтү калыстыкка болгон акыркы үмүттү өлтүрдү», - деп билдирди Сапар Исаковдун жубайы Малика Арстанбекова. 

Анын айтымында, кечээ элдин баары коррупция менен күрөшүп жаткандардын чыныгы жүзүн  көрүштү.

«Акыйкаттуулукка болгон үмүттү Раим Матраимовдун Жогорку Кеңештин жарымы жана спикер Жумабеков жана биринчи вице-премьер Боронов баш болгон ири мансаптагы атка минерлер менен түшкөн сүрөтү таш каптырды.

Менин жолдошумду ЖЭБдеги кыйроо үчүн эмес, президенттин «сүймөнчүгүнө»  каршы чыкканы жана бажыны Матраимовдон тазалоого аракет кылганы үчүн соттоп жатышканын эчак эле түшүнгөм. Инаугурацияга бир күн калганда Сооронбай Шарипович бир нече жолу чалып, Матраимовго тийбе деп суранганын мага Сапар кийин айтты.  Сапар укпай коюп, эми мунун азабын балдарын, апасын, туугандарын жана досторун көрө албаганы менен тартып жатат. Дээрлик бир жыл өттү. Тергөө да, сот да анын күнөөсүн далилдей турган бир да далилди тапкан жок. Тескерисинче, биздин үй-бүлөдө акча да, ашып ташкан мүлк да жок экенине ынанышты.

Ошондуктан үмүт бар эле.

Кечээ күнү болсо күчтөр тең эместигин мага эскерткендей болушту.  Бакыйган спикер менен биринчи вице-премьер, отуз чакты депутат алардын мындай кадамы президент Жээнбеков тарабынан колдоого алынарын билбесе, Матраимовдордун иш-чарасында караанын да көрсөтүшмөк эмес. Мындайга бара алышмак эмес.

Бирок кечээ эл коррупция менен күрөшкөндөрдүн  чыныгы жүзүн көрдү. Бир жылдан бери элдин башын айландырып келатышты эле, эми андан чоң коррупцияны башташты. Сооронбай Шариповичтин Матраимовдун байлыктарын, кан сарайларын, ишканаларын текшертем дегенинен бери төрт айдын жүзү болду, бирок бул боюнча эч кандай маалымат жок. Кечээ менин бир таанышым итиркейи келип тамашалагандай, «Жээнбековдун Матраимовду Антикоррупциялык кызматтын директору кылып дайындоосу гана калды» окшойт.

Бирок мен мындан ары да күрөшөм. Жолдошум, балдарым, биздин үй-бүлөнүн намысы үчүн күрөшөм»,-  дейт Малика Арстанбекова.