14.05.2018 18:16

Сапар Исаковго суракта ЖЭБ боюнча суроолорду беришкен

Сапар Исаковго суракта ЖЭБ боюнча суроолорду беришкен

Түштөн кийин дагы бир жолу суракка кирип чыккан Сапар Исаковго  коопсуздук кызматындагылар ЖЭБ боюнча суроолорду беришкен.  Бул туурасында сурактан чыккан Исаков өзү кабарчыларга билдирди. 

Эске сала кетсек, бүгүн УКМК саат 10:00гө мурунку өкмөт башчыны суракка чакырган. Ал дээрлик 3 саатка созулуп, чыккан соң Сапар Исаков тергөөнүн кызыкчылыгында кенен маалымат бере албасын айткан. Ошондой эле, күндүн экинчи жарымында УКМКга кайра келерин билдирген. 

Сурактын кийинки бөлүгү 14:30дан 17:30га дейре созулуп, андан чыккан Исаков сурак чектен чыкпастан жүргөнүн, ЖЭБ боюнча суроолор берилгенин билдирди.  Ошондой эле, тергөө иштери дагы канчага созулаарын билбей турганын айтты.