23.10.2018 13:23

Сары-Кыр ашуусунда эки миңден ашык кою менен калган чабандар куткарылды

Сары-Кыр ашуусунда эки миңден ашык  кою менен калган чабандар куткарылды

Тогуз-Торо районунун Көк-Ирим айыл аймагына караштуу Алакан жайлоосунда калың жааган кардын кесепетинен 2,2 миң кою менен Сары-Кыр ашуусун аша албай калган чабандар куткарылды. Бул тууралуу бүгүн, 23-октябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан маалымдашты.

«Ушул жылдын 19-октябрь күнү 8 чабанды малы менен ашуудан түшүрүүгө Тогуз-Торо райондук Өрт-куткаруу бөлүмүнүн куткаруучусу жөнөтүлгөн. Кечээ, 22-октябрь күнү тартылган күчтөрдүн жардамы менен чабандар мал-жандыктары менен ашуудан өтүшүп, Сузак районуна караштуу Курманбек айыл аймагынын Үрүм-Баш тилкесине жеткирилди», - деп айтылат маалыматта.

Буга чейин, ӨКМден 5 чабандын ашууда калганы тууралуу кабарлашкан. Аларга 19-октябрда куткаруучулар жиберилип, бирок, өздөрү өтө албай кайра келишкен. Кечээ, 22-октябрда экинчи ирет жөнөтүлүп, аларга кар тазалоочу техника кошулуп берилген.