10.09.2018 14:51

Сауд Аравия Кыргызстанга этти экспорттоо багытында 3 млн 797 миӊ доллар гранттык каражат бөлөт

Сауд Аравия Кыргызстанга этти экспорттоо багытында 3 млн 797 миӊ доллар гранттык каражат бөлөт

Сауд Аравия Королдугу Кыргызстанга 3 млн 797 миӊ доллар өлчөмдөгү грант бөлүп жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматынан кабарлашты. Бөлүнгөн каражат төмөндөгү долбоорлорго жумшалат:

- «Кара-Кулжа айылында жана Түп айылында үй-бүлөлүк медициналык борборлорду жабдыктар менен жабдууга», «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук фтизиатрия борборунун кургак учук бөлүмүн жабдыктар менен жабдылоого» 1 млн 245,2 миӊ доллар суммада;

- «Кыргыз Республикасынан Сауд Аравия Королдугуна этти экспорттоо үчүн Чүй областына карантиндик зона курууга» 960 миӊ доллар суммада;

- «Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Жүрөк хирургиясы жана органдарды трансплантациялоо илимий-изилдөө институтун заманбап медициналык жабдуулар менен жабдылоого» 1 млн 440 миӊ доллар суммада.

- «Гранттык макулдашуунун алкагында, жогорудагы үч долбоорду натыйжалуу ишке ашыруу үчүн консультациялык кызматтар» 151,8 миӊ доллар суммада.

Кыргызстандын аймагына (карантиндик зона) заманбап соода- логистикалык борборун куруу Сауд Аравия Королдугуна жана дагы башка мамлекеттерге  айыл чарба жаныбарларын жана жаныбарлардан алынган продукцияларды экспорттоого мүмкүндүк берет.

Тармактык комитет келишимди ратификациялоо боюнча мыйзам долбоорунун концепциясын жактырды.