15.10.2018 17:46

Сегизинчи класстын окуучусу сабалган №47 орто мектептин директору иштен айдалды

Сегизинчи класстын окуучусу сабалган №47 орто мектептин директору иштен айдалды

Сегизинчи класстын окуучусу сабалган №47 орто мектептин директору Салтанат Курманалиева иштен айдалды. Бул туурасында мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.

«Бир катар аткаминерлерге катуу чара көрүлөт: мектеп директору менен жашы жете электер иштери боюнча инспектор иштен бошотулду, ал эми, вице-мэр А.Куламбаевага, билим берүү башкармалыгынын башчысы Сауле Мейрмановага катуу сөгүш жарыяланат»,-деп билдирет маалымат кызмат. 

Эскерте кетсек, 12-октябрда Бишкектеги №47 орто мектепте 9-класстын эки окуучусу 8-класста окуган баланы сабап салышкан. Баланын тиштери сынып, оозу жарылып, баш мээси чайкалып, ооруканага түшкөн. Бул факт боюнча кылмыш иши козголгон.