27.08.2018 17:03

Шаркыратманын жанындагы жарга атын жазгандардын өздүгү аныкталды

Шаркыратманын жанындагы жарга атын жазгандардын өздүгү аныкталды

Соң-Көл көлүнө бараткан жолдогу Кажырты шаркыратмасынын жанындагы жарга аттарын жазып кеткен кишилер табылды. Бул туурасында Нарын облусунун ИИБинин маалымат кызматына таянып, Turmush агенттиги жазып чыкты.

Эске салсак, август айында социалдык тармактарда шаркыратманын жанындагы жарга аттарын жазып калтырып жаткан эркек кишилердин тасмасы жана сүрөттөрү тарап кеткен. Интернет колдонуучулар тартип сакчыларын бул адамдарды таап, тиешелүү жазасын берүүгө үндөшкөн. 

Аталган факт боюнча Нарын РИИБ ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүп, бул адамдардын өздүгүн тактады. Алар  Кочкор районунун 37 жаштагы Э. уулу К., жана М.А., аттуу тургундары болуп чыкты.
Текшерүүнүн жүрүшүндө, жарандар 2018-жылдын 10-августунда Соң-Көл жайлоосуна эс алганы барып, кайтып келе жатканда Нарын районунда жайгашкан шаркыратмага бурулушканы белгилүү болду. Ал жерден алардын бири- М.А. сакал алганда колдонулуучу көбүктү алып чыгып, жар бетине жазууну чечкен. Анын айтымында, шаркыратмада башка эс алуучулар да бар болчу. Сүрөткө жана тасмага тартып жаткандарын байкаган эмес. Ал эми аска бетиндеги жазуу жаандан кийин эле өчүп калган. Өчпөй калгандарын өзү келип, өчүрүп кеткен.

Нарын ИИБинин ыкчам кызматкерлери шаркыратмага барып, социалдык тармактарда мурда тарап кеткен сүрөттөрдүн аска бетинде жок экенине күбө болуп келишти.