Шайлоо-2020: Жарандарды жапырт каттоо боюнча кылмыш иштери козголду
Чүй облусунун үч аймагында шайлоо алдында адамдарды жапырт каттоого байланыштуу сотко чейинки өндүрүш башталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка караганда, быйыл жыл башынан бери Токмок шаарында 6745 адам каттоого турду.
Текшерүүнүн натыйжасында алардын айрымдары үй ээсинин макулдугусуз, тиешелүү документтери жок эле туруктуу катталганы, кээ бир даректер боюнча 150дөн ашык адам каттоого алынганы аныкталды.
Жергиликтүү каттоо кызматынын айрым кызматкерлерине карата Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүгүнүн («Кызмат абалынан кыянат пайдалануу») негизинде сотко чейинки өндүрүш башталды.
Ушул эле берене менен эки миңдей адамды Токмок шаарына каттаган Кемин жана Аламүдүн райондорунун паспорттоштуруу жана калкты каттоо бөлүмдөрүнүн кызматкерлерине карата тергөө жүргүзүлө баштады.
Буга чейин Башкы прокуратура Ош шаардык кеңешине шайлоонун алдында добуштарды сатып алуу аракети болгонун, жапырт каттоого тургузууга байланыштуу иш боюнча тергөө башталганы айтылган.
Быйыл, 12-апрелде Баткен, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Ош облустарынын аймактарындагы 26 айылдык кеңештин жана Каракол, Балыкчы, Токмок, Ош, Майлуу-Суу шаардык кеңештерининин депутаттары шайланат.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: