25.06.2018 17:48

Шектүү кайсы ооруга чалдыккан убакта камакта кармоого болбойт? Оорулардын тизмеси

Шектүү кайсы ооруга чалдыккан убакта камакта кармоого болбойт? Оорулардын тизмеси

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси бекитилди. Бул туурасында өкмөт аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тийиштүү токтомуна Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон.

Аталган чечим мыйзам астындагы актыларды Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин жаңы редакциясынын талабына шайкеш келтирүү максатында кабыл алынган.

Көрсөтүлгөн тизме ведомстволор аралык жумушчу топ тарабынан иштелип чыккан, анын курамына Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын тар чөйрөдөгү адистери кирген.

Белгилесек, аталган токтом 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

Кылмышка шектүүлөрдү, айыпталуучуларды камакта кармоого тоскоол болгон оор оорулардын тизмеси менен бул шилтемеден таанышууга болот.