Шевченко, Назаренко, Ахметов жана Азия MIX кыргызстандагы дарыгерлерге жардам көрсөтөт

Кыргызстандын белгилүү инсандары дарыгерлерге п жардам берүүнү чечкен. Бул туурасында "Азия MIX" КВН командасынын капитаны Элдияр Кененсаров өзүнүн Instagram баракчасы аркылуу билдирди.
Активисттер арасында UFC чемпиону Валентина Шевченко, россиянын ЦСКА футбол клубунун оюнчусу Илзат Ахметов, "Город 312" тобунун солисткасы Светлана Назаренко, ошондой эле "Азия MIX" командасынын мүчөлөрү бар. Алар дарыгерлерге жардам көрсөтүү үчүн миллион сом чогултушкан жана медициналык керектүү каражаттары алышкан. Жалпысынан 8750 бир жолу колдонулуучу маска, 675 комбинезон, 221 коргоочу көз айнек, 63 коргоочу экран жана 25 респиратор берилет.

Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: