Штаб: Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталды
17-апрелде Стамбулдан келген жүргүнчүдөн COVID-19 аныкталганын илдетке каршы туруу боюнча Республикалык штаб бышыктады.
“Турциядан келген жүргүнчүлөрдүн арасынан бирөөнөн ПЧР диагностикасынын жыйынтыгы менен коронавирус аныкталды, аны менен байланышта болгон адам медиктердин көзөмөлүндө обсервацияга алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Калган жүргүнчүлөр Саламаттыкты сактоо министрлиги бекиткен алгоритм иш-аракеттерине ылайык, биринчи алынган ПЧР анализдеринин терс жыйынтыгынан кийин үй карантинине жиберилген.
Эске салсак, Түркиядан Кыргызстанга кайта албай жаткан 487 мекендештин 211и 17-апрелде Бишкекке учуп келген.
Бүгүн, 23-апрелге карата республика боюнча СOVID-19 инфекциясынын жаңы 19 учур катталды. Жалпысынан коронавируска чалдыккандардын саны 631 кишиге жетти. Ичинен республика боюнча COVID-19 диагнозу менен 162 медициналык кызматкерлер ооруп калышты.
302 бейтап ыйыгып, үйлөрүнө чыгарылса, 8 жаран илдеттен көз жумган.
Учурда стационарда – 321, алардын ичинен 5 адам реанимацияда жатканы кабарланат.
Коронавирус коркунучунан улам 25-марттан 15-апрелге чейин Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарларынын, Ош облусунун Ноокат, Кара-Суу райондорунун, Жалал-Абад облусунун Сузак районунун аймактарына өзгөчө абал киргизилген.
14-апрелде өзгөчө абалдын мөөнөтү 30-апрелге чейин узартылып, жогорудагы аймактардын катарына Нарын шаары жана Нарын облусунун Ат-Башы району да кошулду. Мындай жардыкты президент чыгарып, Жогорку Кеңеш колдоду.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: