16.03.2018 17:45

Siemens Кыргызстан менен энергетика жаатында кызматташууга кызыкдар

Кыргызстандын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Эринес Оторбаев Siemens концернинин мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттешүү маселелери боюнча өкүлү Ханс-Петер-Бем менен жолукту.  

Жолугушуунун жүрүшүндө немец концернинин өкүлү Кыргызстан менен энергетика жаатында кызматташууну өнүктүрүү маселесине кызыкдар экенин билдирди. Жана Siemens Бишкекке бул жаатта өз ара аракеттешүүнүн  келечегин ийне-жибине чейин талкуулоо максатында делегация жиберүүгө даярдыгын билдирди.

Өз кезегинде элчи Эринес  Оторбаев маектешине кызматташуунун келечектүү багыттары, ошондой эле, “Таза Коом” улуттук долбоорунун алкагында кызматташуу тууралуу маалымат берди.  

Компаниянын эл аралык бийик кадыр-баркын жана энергетика системасын өнүктүрүүгө байланышкан суроолордогу алдыңкы тажрыйбасын эске алуу менен, концерн өкүлдөрүнүн Кыргызстанга иш сапарын даярдоодо көмөк көрсөтөөрүн кошумчалады.