Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып жүргөн кыргыз жараны кармалды
Сириядагы куралдуу жаңжалдарга катышып, эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны кармалды. Бул туурасында УКМК маалымат кызматы билдирди.
2019-жылдын 8-мартында Кыргыз Республикасынын УКМК ИИМ менен биргеликте жалданма эл аралык террористтик уюмдун согушкерлеринин Кыргыз Республикасынын аймагына кирүүсүнө бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, эл аралык издөөдө жүргөн Ош облусунун тургуну, Кыргыз Республикасынын жараны «И.А.Ш.» кармалды.
Такталгандай кармалган адам 2015-жылы КМШ өлкөлөрүнүн бирине эмгектенүүгө кетип, Эл аралык террористтик уюмдун эмиссарларынын көзөмөлүнө түшүп, Сирия Республикасынын өкмөтүнө каршы «джихадга» катышуу максатында Туркияга жана андан нары Сирияга кеткен. Согуштук даярдыктан өткөндөн кийин «И.А.Ш.» жалданмачылык катары куралдуу жаңжалдарга активдүү катышкан.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин (эски кодекс боюнча) 375-беренеси (Жалданмачылык) боюнча кылмыш иши козголуп издөөгө берилген. Азыркы убакта кармалган адам КРУКМК Убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Комплекстүү ыкчам-тергөө иштери жүргүзүлүүдө.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: