31.10.2018 10:46

Сириядагы согушкерлерди каржылап жүргөн кыргыз жараны кармалды

Сириядагы согушкерлерди каржылап жүргөн кыргыз жараны кармалды

УКМК 14-октябрда Бишкектен Эл аралык террористтик уюмдун мүчөсүн кармады. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.

28 жаштагы кыргыз жаранын текшерүү учурунда Сириядагы согуштук аракеттерге катышып жүргөн А.Р. аттуу башка согушкердин атына берилген Кыргызстандын жасалма паспорту табылган. 

Кармалган О.У. чет жактагы көмүскө эл аралык топтун курамында болгон, Сирияда согушуп жаткан согушкерлерди каржылап жана башка иштерине көмөк көрсөтүп турган. Алдын-ала маалыматтарга караганда, О.У. Эл аралык террористтик топтун Сириядагы жоокерлерине жардам катары 100 миң доллар жөнөткөн.

УКМК шектүүгө карата 226-берене (террористтик ишмердүүлүктү каржылоо), 299-1 (улут аралык, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козутууга багытталган уюшкан ишмердүүлүк) жана 350-берене (жасалма документти даярдоо, сатуу же колдонуу) менен кылмыш ишин козгоду.

Кармалган адам УКМКнын Тергөө абагына киргизилди. Териштирүү жүрүүдө.