02.10.2018 18:39

Соцфонддун туруксуз саясаты

Соцфонддун туруксуз саясаты

Өкмөттүн ишкерликке жолтоо болбоо тууралуу айткандары куру сөзбү? Жогорку Кеңештин кароосуна бир гана бизнеске эмес, жөнөкөй карапайым жаранга кесепети тийчү мыйзамдар түштү. Өзгөрүүлөр социалдык фонд жана мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча мыйзамдарга киргизилген. Ал документтер тескөөнү күчөтөт, текшерүүлөр менен Соцфондго акча которууларды көбөйтөт. Ишкерлер эмне кылаарга айласын таппай турган чагы. Ал эми демилгечилер азырынча үн ката элек.