16.11.2018 11:33

Социалдык тармактарда Нурбек Токтакуновдун атын жамынып, жалган маалымат тараткандар пайда болду

Социалдык тармактарда Нурбек Токтакуновдун атын жамынып, жалган маалымат тараткандар пайда болду

Социалдык тармактарда укук коргоочу Нурбек Токтакуновдун атын жамынып, жалган маалыматтарды таратып баштаган «фейк» аккаунттар пайда болду. Бул туурасында Токтакунов өзү Фейсбуктагы баракчасында билдирди.

«Менин атымды жамынып, Сариев менен Бабановдун шайлоого кетирген чыгымдарынын excel файлдарын тараткан «фейк» аккаунттар пайда болду. Алардын канча акча короткону тууралуу менин маалыматым жок, бирок, президенттин троллдорунун мындай ыкмага өткөнү Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары тууралуу тараткан маалыматымдын чын экенин тастыктап турат», -деп жазат жарандык активист, укук коргоочу Токтакунов.

Жактоочунун айтымында, Фейсбуктагы өзүнүн баракчасында 5 миң досу бар жана маалыматтар көп коюлган.  Ал эми, анын «фейк» аккаунтта хроникасы бош, достору жок. 

Эскерте кетсек, кечээ Нурбек Токтакунов баракчасында Жээнбековдун шайлоо штабынын чыгымдары тууралуу материалды жарыялаган. Бул макаладан кийин анын өмүрү үчүн кооптонгондор болгон.