18.07.2018 17:29

Социалдык жактан аялуу катмардын эки миңден ашык өкүлү бекер паспорт алышты

Социалдык жактан аялуу катмардын эки миңден ашык өкүлү бекер паспорт алышты

Социалдык жактан аялуу катмардын эки миңден ашык өкүлү бекер паспорт алышты. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришти.

«Инфоком» мамлекеттик ишканасынын мобилдик тобу аркылуу Бишкек шаарында бүгүнкү күнгө чейин 2 миң 298 чыгуу ишке ашырылган. Анын арты менен 2 миң 186 жаран үйүнөн чыкпай туруп, акысыз паспорт алышкан. 

2016-жылдын башынан 2018-жылдын июлуна чейин мобилдик топ 1994-жылкы паспортторду жаңы ID-карталарга алмаштыруу үчүн 25 миң 848 ирет үйлөргө барган.

«2018-жылдын июлунан тартып, мобилдик топ өлкөнүн башка аймактарын да камтып баштады. Бул япон өкмөтүнүн техникалык колдоосунун натыйжасында ишке ашты. Мамлекеттик каттоо кызматына мобилдик калкты тейлөө борбору (КТБ) катары жабдылган 16 кичиавтобус берилген. Учурда бардык мобилдик КТБлары облустарга бөлүнүп, жер-жерлерде кызмат көрсөтүшүүдө. Аларда бардык керектүү техникалык шаймандар, кассалык аппарат, сүрөт жана көчүрмөсүн жасоо кызматтары бар»,-деп жазылат маалыматта.