16.10.2018 16:26

Социалдык өнүктүрүү министрлиги: «Балага сүйүнчү» жөлөк пулун бир жума ичинде берип жатабыз

Социалдык өнүктүрүү министрлиги:  «Балага сүйүнчү»  жөлөк пулун бир жума ичинде берип жатабыз

Социалдык өнүктүрүү министрлиги акыркы айда «балага сүйүнчү» жөлөк пулун берүүнү жөнөкөйлөттү. Эми ата-энелер бир жуманын ичинде 4 миң сом сүйүнчү акчаны колго ала алышат.

Бул тууралуу министрликтин өкүлдөрү 1-топтогу майып жана сейрек оору – сөөктөрдүн ашкере морттугунан жабыркаган Алимбай кызы Гүлмайрамдын үй-бүлөсүнөн кабар алганы барган учурда билдиришти. 

Гүлмайрам өзү да, жолдошу Максат Исхаков да ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелгендердин катарында экенин айтты. Майыптыгы үчүн алар мамлекеттен жалпы 8300 сом жөлөк пул алышат. Ижара төлөп, батирде жашаган үй-бүлө бийликтен турак-жай алууга жардам күтүп жаткандарын жашырышпайт. 

«Кызыбыз Айшанын төрөлгөнүнө бир жарым ай болду. Жакында эле туугандар менен чогулуп, кыркын чыгардык. Мамлекеттик каттоо кызматына сүйүнчү алуу үчүн арыз жаздык. Банктан эсеп ачып, акчанын түшүшүн күтүп жатабыз», -деди Гүлмайрам.

Министрликтин өкүлдөрү өз кезегинде балага сүйүнчү акча алуу жөнөкөйлөтүлгөнүн, 4 миң сомду бир жуманын ичинде алса болоорун билдиришти.