30.09.2019 09:44
Сокулукта эки бир тууган ажатканага түшүп кетип, каза табышты
Чүйдүн Сокулук районундагы Военно-Антоновка айылында эки бир тууган ажатканага түшүп кетип каза болду. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, окуя 28-сентябрь күнү болгон. 1-класстын окуучусу ойноп жүрүп, кошунасынын тереңдиги 8 метрди түзгөн ажатканасына түшүп кеткен. Аны куткарууга барган 13 жаштагы агасы чыгара албай, кошо түшүп кеткен.
Жерине 4 куткаруучу тартылып, алгач улуусунун жансыз денеси чыгарылган, кийин кичүүсүн табышкан. Сөөктөр туугандарына өткөрүлүп берилди.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: