22.03.2018 14:19

Соодагерлер "Каравандын" сатылышына каршы

Соодагерлер "Каравандын"  сатылышына каршы

Бишкектеги "Караван" соода борборунда ижарага орун алып, соода кылгандар имараттын сатылышына каршы. 

Бүгүн алар  маалымат жыйын куруп, ай сайын 5,5 миллион сомду ижара акы катары, 1 миллион сомдон ашык каражатты мамлекетке салык катары төлөп жүргөнүн айтышты.

18-мартта  Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду мурдагы Бишкек мэри Нариман Түлеевге таандык болуп, кийин мамлекетке алынган соода борбор  менчиктештирилерин кабарлашкан.  Мыйзамга ылайык, менчикке өткөн борбор сатыкка чыгарылмак. 

Соода борборунда 260 ижарага берилүүчү жай бар. Анда бир миңдей адам эмгектенет.