Сооронбай Жээнбеков Абылгазиевге өкмөттүн жаңы демилгелерин элге түшүндүрүп турууну сунуштады
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 6-августта өлкөнүн премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев менен жолугушту. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда КР Өкмөтү тарабынан өлкөдөгү экономикалык өсүштү камсыздоо жана жарандардын турмушун жакшыртуу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.
Президент Сооронбай Жээнбеков Өкмөттүн аймактарды өнүктүрүү боюнча ишмердигин күчөтүү зарылдыгына басым жасады.
Мамлекет башчысы ошондой эле жакын арада Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук кеңештин жыйынынын кароосуна алынып чыкчу Кыргызстандын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын ишке ашырылышына өзгөчө көңүл бурду.
Мындан тышкары ал Премьер-министрге Өкмөттүн жаңы демилгелери боюнча алдын-ала түшүндүрүү иштерин активдештирүүнү сунуш кылды.
«Жаңы демилгелер дайым алдын ала түшүндүрүү иштерин талап кылат, анткени жарандар аларды киргизүүнүн зарылдыгы эмнеде экенинен толугу менен кабардар болушу керек», — деп белгиледи Мамлекет башчысы.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөттүн кышка даярдыгы, күзгү талаа жумуштарын өткөрүү, социалдык жана инфраструктуралык объектилерди куруу жана оңдоп-түзөө, «Коопсуз шаар», «Түндүк» системасынын негизинде электрондук башкаруу долбоорлору жана «Таза коом» санарип трансформация Программасын ишке ашыруу боюнча аткарылып жаткан жумуштар тууралуу айтып берди.
Мухаммедкалый Абылгазиевдин маалыматына ылайык, ведомство аралык жумушчу топ аркылуу «Коопсуз шаар» долбооруна карата технико-экономикалык негиздеменин жана техникалык тапшырманын долбоорлору иштелип чыкты. Анын алкагында республиканын 38 кесилиш жолдору, 52 стационардык чектери эрежени бузгандарды каттаган камералар менен жабдылып, 20 мобилдик аппараттык жана программалык камсыздоо системалары менен камсыздалат.
КР Мамлекеттик маалыматтык технологиялар жана байланыш комитети 2018-жылдын 20-июлунда бул долбоорду ишке ашырууга катышууну каалаган компаниялар арасында конкурс жарыялады, анын жыйынтыгы менен баштала турган мөөнөтү аныкталат.
«Таза Коом» санариптик трансформациясы Программасын ишке ашыруу боюнча айтып жатып, Премьер-министр КР Өкмөтүнө караштуу электрондук башкаруу жана маалыматтык-коммуникациялык технологияларды өнүктүрүү боюнча кеңеш Программанын алкагында ишке ашырыла турган артыкчылыктуу долбоорлордун тизмесин бекиткенин белгиледи.
«Бүгүнкү күндө „Жергиликтүү өзүн-өзү башкарууга маалыматтык киоск“, „Бала бакчаларга Е-кезекке туруу“, „Гибриддик почта“ сыяктуу 7 долбоор ишке ашырылды. 10 долбоор ишке ашырылууда, дагы 16 долбоор пландаштырылган», — деп маалымдады Мухаммедкалый Абылгазиев.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: