Сооронбай Жээнбеков менен Гурбангулы Бердымухаммедовдун расмий жолугушуу аземи өттү
Бүгүн, 23-августта, Ашхабад шаарындагы Түркмөнстандын Көз карандысыздык аянтында Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун Түркмөнстандын Президенти Гурбангулы Бердымухаммедов менен расмий жолугушуу аземи өткөрүлдү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Флагштокто Кыргыз Республикасынын жана Түркмөнстандын мамлекеттик желектери көтөрүлгөн, Ардактуу кароол тизилип, эки өлкөнүн гимндери жаңырды.
Эки Президент Ардактуу кароол менен учурашты, кыргыз жана түркмөн тараптардын расмий делегациялары жана дипломатиялык миссия жетекчилери менен тааныштырышты. Түркмөнстандын аскерлери салтанаттуу марш менен өткөрүлдү.
Расмий жолугушуу аземинен, биргелешип сүрөткө түшкөндөн кийин Мамлекет башчылары «Огузхана» атындагы Түркмөнстандын Президентинин ак сарайына тар курамда жолугушуу үчүн бет алышты.
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Выбранная дата: