12.04.2018 12:28

Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Алжир президентине көңүл айтты

Сооронбай Жээнбеков учак кырсыгына байланыштуу Алжир президентине көңүл айтты

 Президент Сооронбай Жээнбеков Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Президенти Абдель Азиз Бутефликага  өлкөнүн  Блида провинциясында аскер учагынын кыйрашынын натыйжасында көп адам каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул туурасында президент аппаратынан билдиришти. 

"Кыргыз Республикасынын элинин атынан жана жеке өзүмдүн атымдан Алжир Элдик Демократиялык Республикасынын Блида провинциясында аскер учагынын  трагедиялуу кыйрашынан улам  көп адам  каза болгондугуна байланыштуу терең кайгыруу менен көңүл айтам. Каза тапкандардын туугандарына жана жакындарына чын ниеттен кайрат айтып, колдоо  көрсөткөн сөздөрүмдү жеткирип коюуңузду өтүнөм”, - деп белгиленет Мамлекет башчысынын  көңүл айтуу телеграммасында.