09.05.2018 10:31

Президент "Өлбөс полк" жүрүшүнө чоң атасынын сүрөтү менен катышты

Президент "Өлбөс полк" жүрүшүнө чоң атасынын сүрөтү менен  катышты

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 9-майда Бишкек шаарында өткөн “Өлбөс полк” жүрүшүнө катышты.

Мамлекет башчысы Улуу Ата Мекендик согушта  дайынсыз жоголгондордун тизмесинде катталган чоң атасы Жээнбек Пирназаровдун сүрөтүн көтөрүп чыкты.

Анын уулдары Эрмамат Жээнбеков менен Токтомамат Жээнбеков согуштан жарадар болуп кайтып келишкен. Алар көрсөткөн каармандыгы үчүн “Кызыл Жылдыз” орденине жана медалдарга  татыктуу болушкан. Согуштан кийин көп жылдар бою партиялык, советтик жана чарбалык кызматтарда жетекчи болуп эмгектенишкен.

“Мекен үчүн, биз үчүн кырчындай өмүрүн аябастан, душманды жеңген аталарыбыз менен чоң аталарыбызды урпактар эч качан унутпайт. Алардын өлбөс-өчпөс эрдиктери кийинки муундар үчүн ар дайым чоң сабак, үлгү болуп калат. Мен да Улуу Ата мекендик согушка катышкан чоң аталарым Эрмамат менен Токтомамат Жээнбековдордун элесине таазим кылам. Эч ким, эч нерсе унутулбайт! Бейпил жашообуз үчүн өмүрлөрүн беришкен баатырларыбызга терең таазим”, - деп белгилеп, Президент Сооронбай Жээнбеков   бардык мекендештерибизди  Улуу Жеңиш майрамы  менен куттуктады.