19.04.2018 13:30

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койду

Сооронбай Жээнбеков өкмөттүн  отставкасы жөнүндө жарлыкка кол койду

Президент Сооронбай Жээнбеков  бүгүн, 2018-жылдын 19-апрелинде «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн отставкасы жөнүндө» Жарлыкка кол койду. Бул туурасында Президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. 

Президент Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө ишеним көрсөтпөгөндүгүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 85-беренесинин 6-бөлүгүн, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13-беренесинин 1-бөлүгүнүн 5-пунктун жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн  отставкага кетирди.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин, вице-премьер-министрлеринин, Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн кызмат ордун ээлеген адамдар мурда ээлеген кызмат орундарына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мүчөлөрүнүн милдеттерин аткарууну Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы курамы түзүлгөнгө чейин улантышат.

Жарлык кол коюлган учурдан баштап күчүнө кирет.