13.04.2018 10:00

Сооронбай Жээнбековдун Бельгия Королдугуна эки күндүк жумушчу сапары жыйынтыкталды

Сооронбай Жээнбековдун Бельгия Королдугуна эки күндүк жумушчу сапары жыйынтыкталды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун  Бельгиянын борбору Брюссель шаарына Европа союзунун институттарына болгон жумушчу визити жыйынтыкталды. Сапар 2 күнгө созулду. 

Брюсселде Президент Сооронбай Жээнбеков Европа союзунун тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча Жогорку өкүлү Федерика Могерини, Европа парламентинин төрагасы Антонио Таяни, Европа Кеңешинин төрагасы Дональд Туск менен жолугушту.

Визиттин алкагында Мамлекет башчысы Европа комиссиясынын төрагасы Жан-Клод Юнкер менен жолугушуп, жыйынтыгы боюнча маалымат каражаттарына билдирүү жасашты.

Жолугушууда Кыргызстан менен Европа союзунун ортосунда кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, адам укуктарын жана эркиндигин, мыйзамдын үстөмдүгүн сактоо, ошондой эле Кыргызстанды өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу секторлоруна инвестиция тартуу маселелери боюнча өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Брюсселде ошондой эле визиттин алкагында Президент Сооронбай Жээнбеков Улуу Урматтуу принц Карим Ага-Хан жана Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Россия жана Борбор Азия боюнча Башкаруучу директору Наталья Ханженкова менен жолугушту. Өлкөнүн региондорун өнүктүрүүгө багытталган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу максатында өнөктөштүктүн келечеги талкууланды.

12-апрелде Президент Сооронбай Жээнбековдун Европа союзунун институттарына эки күндүк жумушчу визити аяктады.