23.04.2018 13:12

"Сосновка" өткөрүү бекетинде 3 айда жүк ташууда салык мыйзамын бузган 113 учур катталган

"Сосновка" өткөрүү бекетинде 3 айда жүк ташууда салык мыйзамын бузган 113 учур катталган

“Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктундагы салык кызматынын тейлөө борборунун үч айлык ишинин жыйынтыгы чыгарылды. Өткөрмө пунктундагы тейлөө борбору үстүбүздөгү жылдын 1-январынан баштап 31-мартына чейинки мезгилде  салык төлөөчүлөр үчүн ар кандай кызматтарды көрсөткөн,  ошондой эле салык мыйзамдарын бузуу фактылары катталган.

Жүк ташып өтүүлөрдү эсепке алуу журналында бардыгы 6 миң 425 унаа, анын ичинен күйүүчү-майлоочу майларды ташыган 4 миң 163 унаа жана ар кандай жүктөрдү ташыган 2 миң 262 унаа катталган.

Жүк ташууну ишке ашырууда салык мыйзамдарын бузгандыгы үчүн 113 чарбакер субъекттерге рейддик салык контролунун актылары түзүлгөн. Алардын ичинен патенти жок -103 субъект, патенти жана 4-топтогу мүлккө салык төлөбөгөндөр – 9, башка бузуулар -1 субъект.

Ошондой эле, пломбасы жок жана шектүү коштомо кагаз менен 34 миң 700 литр күйүүчү отун жана шектүү коштомо кагаз менен 36 миң 530 литр күйүүчү отун ташып бараткан 2 автоунаа кармалган жана рейддик салык контролунун актылары түзүлгөн, алар Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын райондук башкармалыгына өткөрүлүп берилген.

Мындан тышкары, тейлөө борборунун кызматкерлери үч айдын ичинде салык төлөөчүлөргө ар кандай кызматтарды көрсөтүшкөн. Алсак, жалпы суммасы 824,4 миң сом өлчөмүндө 297 жеке ишкерге патент берилген, жалпы суммасы 416,6 миң сом өлчөмүндө 196 патенттин мөөнөтү узартылган. 50 салык төлөөчүдөн унаа үчүн мүлк салыгынын маалыматтык эсептөөлөрү кабыл алынган. Төлөм терминалдары аркылуу жалпы суммасы 1,3 млн. сом өлчөмүндө төлөмдөр жүзөгө ашырылган.

Эскерте кетсек, Бишкек-Ош унаа жолунда жайгашкан “Сосновка” контролдук-өткөрмө пунктунда жарым жылдан бери Салык төлөөчүлөрдү тейлөө борбору иштейт.

Тейлөө борбору уюштуруу техникасы жана эмерек менен толук жабдылган. Имарат 2 бөлмөдөн турат, салык төлөөчүлөргө кызмат көрсөтүү үчүн “бирдиктүү терезе” иштейт.

Бул жерде ишкерлерди каттоо,патент берүү жана узартуу, отчетторду кабыл алуу жана башкалар жүргүзүлөт. Борбордун кызматкерлеринин ишин көзөмөлдөө үчүн онлайн режиминде видеобайкоо жүргүзүлөт.