20.04.2018 09:30

Сот Айбек Калиевге карата баш коргоо чарасын аныктады

Сот Айбек Калиевге карата баш коргоо чарасын аныктады

Биринчи май райондук соту «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын мурунку төрагасына карата баш коргоо чарасын аныктады. Бул туурасында Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынан кабарлашты. 

2018-жылдын 19-апрелинде “Бишкек шаарынын ЖЭБ модернизациялоо” долбоорун ишке ашыруудагы коррупция фактысы боюнча Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш ишинин алкагында, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААК башкармалыгынын мурунку төрагасы А.Калиевге КР Кылмыш-жаза кодексинин 303-беренесинин 1- бөлүгү боюнча айыбы угузулду.

Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту  Калиевди  тергөө аягына чыккыча Улуттук коопсуздук кызматынын тергөө камагына калтыруу чечимин кабыл алды. Тергөө жүрүп жатат.