15.10.2018 18:13

Сот экс-депутат Каныбек Осмоналиевди актады

Сот экс-депутат Каныбек Осмоналиевди актады

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Жогорку Кеңештин экс-депутаты Каныбек Осмоналиевди актады. Бүгүн, 15-октябрда өткөн соттук отурумда Осмоналиевге коюлуп жаткан айыптар негизсиз деп табылды. 

Маалыматка караганда, айыптоочу тарап 10 күндүн ичинде жогорку инстанцияга арыз менен кайрылса болот. Соттон акталып чыккан Осмоналиев «Мен ушундай чечим чыгаарын билгем. Себеби күнөөм жок болчу», -деди. 

Буга чейин прокурор экс-депутатты 15 жылга эркинен ажыратууну өтүнгөн.

Осмоналиевге «Кыргыз-Орус Славян университетине 27 абитуриентти мыйзамсыз түрдө окууга киргизди» деген шек менен «кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон болчу.