11.06.2019 12:08

Сот экс-мэрлердин иши боюнча соттук процессти белгисиз мөөнөткө жылдыруудан баш тартты

Сот экс-мэрлердин иши боюнча соттук процессти белгисиз мөөнөткө жылдыруудан баш тартты

Бүгүн, 11-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум уланууда. 

Соттук процесстин жүрүшүндө жактоочу Сергей Слесарев кылмыш иштерин бөлүү өтүнүчүн дагы бир жолу жолдоду. Анын айтымында, Кылмыш кодексинин 145-беренеси боюнча иштерди сотко чейинки өндүрүш учурунда бириктирет.  

«Сиз кылмыш иштерин туура эмес бириктирип салдыңыз. Биз азыр сотко чейинки өндүрүш стадиясында эмес, соттук териштирүү стадиясында жүрөбүз». 

Башка айыпталуучулардын жактоочулары кесиптешин колдошту. Бирок сот өтүнүчтү четке какты. Ошондой эле, жактоочу Сергей Слесарев  дагы бир ирет соттолуучулардын туугандары жана тарапташтары баткандай кенен зал  сурады. 

«Ачык-айкындуулук принциби сакталбай жатат. Темир тордун артында отурган соттолуучуларга да шарт түзүп берүүңүздү суранам.  Алар темир орундукта отурушат. Ошондой эле, мынан чоңураак зал берсеңиз».  

Төрага башка зал жок деген шылтоо менен баш тартты. Отурумдун жүрүшүндө экс-мэрлердин жактоочусу Сергей Слесарев соттолуучулар кылмыш иши менен таанышып бүткүчө соттук териштирүүнү токтото турууну өтүндү. 

«Бизге мектеп боюнча кылмыш ишинин томдорун көрсөтүшө элек. Соттук териштирүүнүн мөөнөтүнө кылмыш иши менен таанышуу убактысы кирбейт. Сот отуруму мыйзам бузуулар менен өтүп жатат».

Сот алдын-ала тергөөдө иш менен тааныштыруу болгонун айтып, өтүнүчтү канааттандырган жок.