07.05.2018 14:24

Сот Фейсбуктагы пикири үчүн окутуучуну 7 жылга эркинен ажыратышы мүмкүн

Сот Фейсбуктагы пикири үчүн окутуучуну 7 жылга эркинен ажыратышы мүмкүн

«Фейсбуктагы» пикирине байланыштуу кылмыш иши козголгон Темир Болотбек аттуу окутуучу жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн. Улуттук коопсуздук кызматы анын билдирүүсү улут аралык кастыкты козуткан деп эсептөөдө. Мында маалыматты centralasian.org порталы жайгаштырды. 

Маалыматта, Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинин окутуучусу Темир Болотбек «Фейсбуктагы» совет доорунда салынган Бишкектеги имараттар боюнча талаш-талкууда «совок» деген сөздөрдү колдонуп, «Советтер Союзун эңсегендер «Рашага» кеткиле» деген пикирлери үчүн айыпталып жатканы айтылат. 

«Улут аралык кастыкты козуткам деп эсептебейм. Анткени ал жерде башка улутка, расага, динге шек келтирген сөздөр жок. Бирок бул айыптоо боюнча камалып кетишим толук мүмкүн», – деди окутуучу.

Ушул эле беренеде мурда кылмыш жоопкерчилиги каралган. Бирок киргизилген өзгөртүүлөр алынып, эми колдонуучулар «Фейсбукта» лайк баскандыгы үчүн дагы түрмөгө камалышы мүмкүн. Алсак, былтыр «Фейсбуктагы» билдирүүсү үчүн Ысык-Көл облусунда жашаган фермер 4 жылга соттолгон.

Окутуучуга каршы козголгон кылмыш иши боюнча кийинки сот отуруму 8-майга белгиленген.