24.06.2019 09:54
Сот Кулматов менен Ибраимовду СИЗО-1ге которуудан баш тартты
Бүгүн, 24-июнда Ленин райондук сотунда экс-мэрлер Кубанычбек Кулматов менен Албек Ибраимовдун иши боюнча соттук отурум өтүүдө.
Өткөн отурумда УКМК өзүнүн Тергөө изолятору толуп калганын жүйөө келтирип, учурда камакта кармалып тургандарды Бишкек шаардык СИЗО-1ге которууну өтүнгөн.
Жактоочулар соттолуучулардын башка изоляторго которулушуна каршы чыгышкан. Алардын пикиринде,бул алардын абалын оорлотот. Андан тышкары, коргоо тарап кат мыйзамга ылайык тартипте жазылбаганын билдиришкен. Жактоочулардын айтымында, ал өтүнүч иретинде берилиши керек болчу.
Сот кеңешүүчү бөлмөгө барып келгенден кийин соттолуучуларды башка изоляторго которуудан баш тартты.
interface.main_news
Алмазбек Атамбаев кайрылуу жасап, кыргызстандыктарды КР эгемдүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктады
interface.popular
interface.important
Дш ШшШр Бш Жм Иш Жш
Выбранная дата: