28.09.2018 13:56

Стамбулда аэропорттон боюн таштаган адам казак жараны экени тастыкталды

Стамбулда аэропорттон боюн таштаган адам казак жараны экени тастыкталды

Стамбулдагы Ататүрк аэропортунда бийиктен секирип, каза тапкан адам Казакстандын жараны. Бул тууралуу «Азаттыкка» Стамбул шаарындагы Сади Конук мамлекеттик ооруканасынын дарыгери Мустафа Саалем билдирген.

«Бейтап бизге 27-сентябрда кечке жуук тез жардам менен жеткирилди. Аэропортто «өз жанын кыюуга аракет кылып, 25 метр бийиктен боюн таштады» деген маалымат бар болчу. Бети таанылгыс абалда сынган, өпкөсү сууга толгон болчу. Биз операцияга даярдап жаткан кезде жүрөгү токтоп калды. Кан көп кетиптир. Болгон күчүбүздү жумшаганыбыз менен кечки саат сегизде каза болду»,- деген дарыгер.

Бакыркөй райондук ички иштер органы да окуяны иликтеп, көз жумган адам Казакстандын 37 жаштагы жараны экенин аныктаган.

Анын сөөгү Стамбул шаардык прокуратурасынын судмедэкспертиза мекемесине жөнөтүлдү. 

Буга чейин, 27-сентябрда түркиялык Демирөрен жаңылыктар сайты «Кыргызстандын жараны Ататүрк аэропортунда өз жанын кыюуга аракет кылып, кийин ооруканага бараткан жолдо каза тапты» деп жазып чыккан.