14.06.2018 14:36

Стамбулда жоголгон кыргызстандык кызды аэропорттон көрүшкөн

Стамбулда жоголгон кыргызстандык кызды аэропорттон көрүшкөн

Үч күн мурун Торонтодон Бишкекке транзит менен келатып, Стамбулдан дайынсыз жоголгон кыргызстандык  Нургиза Кулманбетованы анын рейси учуп кеткенден кийин аэропорттон көрүшкөн. Бул туурасында April.kg порталына анын бир тууганы Гүзаль Кулманбетова билдирди.

Анын айтымында, кыздын Стамбулдагы Жанна Араева аттуу курбусу азыр бул окуя боюнча чуркап жүрөт.

«Азыр ал Нургизанын жоголуп кеткени боюнча достору кайсы жактарга кайрылганы тууралуу так маалыматтар менен пресс-релиз камдап жатат. Мен алардын консулдукка кайрылганын билем. Ал жакта «туугандары өздөрү кайрылсын» деп жооп берип, эч кандай чара көрбөй коюшуптур. Достору полицияга да барышкан экен. Ал жактан да «же туугандары же консулдук кайрылсын» деген жооп болуптур. Ал эми түрк авиалинияларынан Нургизанын рейсте болгон же болбогону тууралуу гана маалымат алса болот», - деди Гүзаль Кулманбетова.

Анын айтымында, Нургизанын Стамбулга учуп келгени маалым. Кечээ ага Нургиза менен университетте чогуу окуган кыз кайрылып, аны көргөнүн айткан: «Мен Нургизаны 11-июнь күнү кечинде Ататүрк аэропортунда болжол менен саат  20:00-20:25терде көргөм. Саргыч боз түстөгү куртка же кофтачан Нургиза №310-309 гейттин жанында отурган. Мен шашып бараткандыктан,  аны менен учурашканга да жетишкен эмесмин».

Дайынсыз жоголгон кыздын башка таанышы дагы анын туугандарына Нургизаны көргөнүн айткан.

«Мен Нургизаны тааныйм. 11-июнь күнү мен Барселонадан Стамбул аркылуу Аманга учуп бараткам. Аэропорттон Нургизаны чала-була көрүп калгам, рейсин күтүп жаткан го деп ойлоп өтүп кеткем. Өзүм учакка кечигип жаткандыктан, токтоп  учурашкан эмесмин. Мен Нургизаны университеттен бери билгендиктен, көргөн кыз Нургиза экенине  толук ишенем. Менин рейсим саат 21:00дө болсо, Нургизанын жанынан 20:25те чуркап өткөм», -деген таанышы.