20.09.2018 13:30

Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген жаран кармалды

Стамбулдан жасалма паспорт менен учуп келген жаран кармалды

Өлкөгө жасалма паспорт менен кирүүгө аракет кылган кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. 

2018-жылдын 20- сентябрында чек арачылар «Манас-аэропорт» КӨПтөн жасалма паспорт менен өлкөгө кирүүгө далалат кылган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Эл аралык «Манас» аэропортуна Стамбул-Бишкек 702 рейси менен учуп келген жарандарга паспорттук көзөмөл жүргүзүү учурунда чек ара кезмети жарым-жартылай жасалма паспорт, тактап айтканда паспорттогу сүрөтү алмаштырылган 1971-ж.т., Ж.И., аттуу Кыргызстандын жаранын аныкташкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жаран КР УКМК территориалдык бөлүгүнүн кызматкерлерине тапшырылган.