26.09.2018 15:20

Степное айылындагы №2 абакта баңгизат колдонуудан баш тарткан аялдарга көмөк көрсөтүлөт

Степное айылындагы №2 абакта баңгизат колдонуудан баш тарткан аялдарга көмөк көрсөтүлөт

Чүй облусунун Степное айылындагы аялдар үчүн жалгыз №2 түзөтүүчү мекемеде баңгизаттарын колдонуудан баш тарткан аялдарды дарылоочу «Таза аймактын» курулушу аягына чыкты. Бул туурасында Европа биримдигинин КРдагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. 

«Таза аймак» аялдар колониясындагы дарылануу жана калыбына келүүнүн инфратүзүмүн мыктылоого көмөктөшөт. Бул Европа Биримдигинин колдоосунда ишке ашмакчы.

30 адамга ыңгайлаштырылган мекемеде соттолгондор менен атайын даярдалган социалдык кызматчылар жана психологодор иштейт. ЕБ тарабынан каржыланган КАДАП программасынын колдоосунда имаратта уктоо бөлмөлөрү, машыгуу залы, ашкана, чакан тигүүчү цех жана ушу сыяктуу бөлмөлөрдү камтыган оңдоо иштери жүргүзүлдү.

Ошондой эле текшерип-өткөрүү түйүнү жана күнөскана курулду. Борборго видеокөзөмөл тутуму, компьютер, тигүүчү жабдуулар жана эмерек өткөрүлүп берилди. Объектини долбоорлоо жана куруу иштери 2016-жылы башталган. Долбоорлоо, курулуш, объектти жабдуулоо чыгашалары 150 миң еврого жакын каражатты түздү.